Logo

Информационные материалы

Оценка воздействия на окружающую и социальную среду (ОВОСС) на реконструкцию и модернизации комплекса Сулайман-Тоо и Узгенского историко-архитектурного комплекса
Проект реконструкции и модернизации комплекса Сулайман-Тоо и Узгенского историко-архитектурного комплекса реализуется в рамках реализации
Проекта регионального экономического развития (ПРЭР-1), финансируемого Всемирным банком и реализуемого Агентством развития и инвестирования сообществ (АРИС).
Сулайман-Тоо комплекси жана Өзгөн тарыхый-архитектуралык комплексин реконструкциялоо жана модернизациялоо долбоору боюнча Айлана-чөйрөгө жана социалдык чөйрөгө тийгизүүчү таасирге баа берүү (ОВОСС)

 Сулайман-Тоо комплекси жана Өзгөн тарыхый-архитектуралык комплексин реконструкциялоо жана модернизациялоо долбоору боюнча Айлана-чөйрөгө жана социалдык чөйрөгө тийгизүүчү таасирге баа берүү (ОВОСС)

Сулайман-Тоо комплекси жана Өзгөн тарыхый-архитектуралык комплексин реконструкциялоо жана модернизациялоо долбоору Дүйнөлүк банк тарабынан каржыланып, Кыргыз Республикасынын Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттиги (АРИС) тарабынан ишке ашырылып жаткан Региондук экономикалык өнүгүү долбоорунун (ПРЭР-1) алкагында жүзөгө ашырылууда.

ПРЭР-1 долбоору туризмди өнүктүрүү, аймактык потенциалды чыңдоо жана чакан жана орто бизнести колдоо аркылуу Ош облусунун жана Ош шаарынын экономикалык өнүгүүсүнө көмөк көрсөтүүгө багытталган.

Долбоордун негизги максаты – маданий мурас объекттерин сактоо жана өнүктүрүү, алардын туристтик жагымдуулугун жогорулатуу, ошондой эле келүүчүлөр үчүн инфраструктураны жана көрсөтүлүүчү кызматтардын сапатын жакшыртуу.

Долбоор маданий мурастын төмөнкү эки негизги объектисин камтыйт:

  • Ош шаарындагы Сулайман-Тоо комплекси – ЮНЕСКОнун Дүйнөлүк мурастар тизмесине кирген объект жана Кыргызстандын негизги тарыхый-маданий символдорунун бири;
  • Өзгөн тарыхый-архитектуралык комплекси – мавзолейлерди, мунараны жана музей объекттерин камтыган Караханийлер доорунун уникалдуу эстелиги.