Logo

КУЛАКТАНДЫРУ !!!

Өз бизнесиңизди баштоого же кеңейтүүгө даярсызбы?

Сиз үчүн сонун мүмкүнчүлүк!


АРИСтин «Коомдоштуктардын демилгеси боюнча улуттук долбоорунун» алкагында «Киреше булактарын колдоо программасы» бизнес боюнча окутууларга  катышуучуларды чакырат!

Маанилүү: Окутууга долбоордун алкагында тандалган 40 максаттуу айыл өкмөттөрдүн тургундары гана катыша алат.

 Программа алкагында сиз:

— Бизнес идеяңызды өнүктүрүүнү үйрөнөсүз

— Адистерден окутуу жана ментордук колдоо аласыз

— Өз бизнес-планды түзөсүз

— Бизнес-планынызга инвесторду издөөнү үйрөнөсүз

 Кимдер катыша алат?

— Иш баштоону каалаган аялдар, жаштар, фермерлер, дыйкандар

— Ишкердигин кеңейтүүнү көздөгөн жеке ишкерлер

— Жаңы идеясы бар мигранттар, аялуу топтор

 Катышуу үчүн:

Анкетаны 2026-жылдын 12-майына чейин толтуруңуз жана тандоодон өтүңүз   https://forms.gle/bMraEou53skKf7qo7

 Шашылыңыз! Орундар чектелүү!


0
65