Logo

Обучающие материалы

«Климаттын өзгөрүүсү, анын кесепеттерин жумшартуу жана ыӊгайлашуу» тренингин өткөрүүнүн колдонмосу
Окутуунун максаты: Максаттуу айылдарда климаттын өзгөрүүсүнүн кесепеттерин жумшартуу жана ыӊгайлашуу боюнча маалымдуулукту жогорулатуу, тиешелүү технологиялар боюнча маалымат берүү жана коомчулукта жүрүм-турумдун өзгөрүшүнө көмөк көрсөтүү боюнча Коомчулуктун климат боюнча жарчыларын окутуу.
Климаттын өзгөрүшү: Негизги түшүнүктөр, себептери жана кесепеттери

Климаттын өзгөрүшү деген эмне?


Климаттын өзгөрүшү — бул температуранын, жаан-чачындын режиминин жана экстремалдык кубулуштардын жыштыгынын узак мөөнөттүү өзгөрүүсү. Бул процесс табигый факторлордон жана адамдын иш-аракетинен улам келип чыгат.



«ЖАШЫЛ ЭКОНОМИКА - ТУРУКТУУ ӨНҮГҮҮГӨ ЖОЛ»

Жашыл экономика деген эмне жана ал эмне үчүн маанилүү?

 

Максаты: Катышуучуларга «жашыл экономика» түшүнүгүнүн маңызын түшүндүрүү, салттуу («күрөң») экономикадан айырмасын көрсөтүү жана Кыргызстан үчүн бул багыттын стратегиялык маанисин ачып берүү.

ДОЛБООРДУК СУНУШТАРДЫ ИШТЕП ЧЫГУУДА КЛИМАТТЫК АСПЕКТИЛЕРДИ эске алуу

Климаттын өзгөрүшү туруктуу өнүгүүгө, инфраструктурага жана калктын жашоо-шартына олуттуу таасир тийгизген негизги чакырыктардын бири болуп саналат. Температуранын жогорулашы, суу тартыштыгы, кургакчылык, сел, көчкү жана башка климаттык коркунучтар социалдык инфраструктурага, айыл чарбасына, энергетикага жана жергиликтүү экономикага түздөн-түз таасирин тийгизүүдө.

Мындай шартта долбоордук сунуштарды иштеп чыгууда климаттык аспектилерди эске алуу инвестициялардын туруктуулугун камсыз кылуу, ресурстарды натыйжалуу пайдалануу жана калкты климаттын өзгөрүшүнүн терс таасирлеринен коргоо үчүн маанилүү болуп эсептелет.

«Долбоордук сунуштарды иштеп чыгууда климаттык аспектилерди эске алуу» аттуу практикалык колдонмо жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, адистерге жана жамааттарга адаптация жана митигация чараларын долбоорлорду пландаштыруу процессине киргизүүдө колдоо көрсөтүү максатында даярдалган.