Коомчулуктарды өнүктүрүү программаларынын алкагында аялдардын коомдук жашоодогу ролун күчөтүүгө, лидерлик потенциалын өнүктүрүүгө жана жергиликтүү демилгелерге активдүү катышуусун колдоого өзгөчө көңүл бурулат.
Бул максатта бардык максаттуу айыл аймактарында аялдардын лидерлик көндүмдөрүн өнүктүрүүгө, өзүнө болгон ишенимин жогорулатууга, коммуникация жана коомдук демилгелерди ишке ашыруу жөндөмдөрүн бекемдөөгө багытталган окутуулар жана практикалык тренингдер уюштурулуп келет.
Бул бөлүмдө лидер айымдар, активдүү жарандар жана коомчулук өкүлдөрү үчүн пайдалуу окуу материалдары, презентациялар, методикалык колдонмолор жана практикалык ресурстар жайгаштырылат.