УРМАТТУУ АЙЫЛ ТУРГУНДАРЫ, ИШКЕРЛЕР ЖАНА ДЕМИЛГЕЛҮҮ ЖАРАНДАР!
АРИСтин Коомдоштуктардын демилгеси боюнча улуттук долбоорунун» (НПИС) алкагында жергиликтүү экономиканы өнүктүрүүгө багытталган өндүрүштүк жана киреше алып келүүчү демилгелерди ишке ашыруу үчүн бизнес-өнөктөштөрдү чакырат.
Эгерде сиз «Бир айыл – бир продукт» концепциясына негизделген, жергиликтүү ресурстар менен өндүрүштү өнүктүрүүгө, жаңы рынокторду өздөштүрүүгө жана өз ишиңизди кеңейтүүгө кызыкдар болсоңуз, анда бул мүмкүнчүлүк сиз үчүн!Биз төмөнкү багыттагы жарандарды кызматташууга чакырабыз:
Жергиликтүү чийки зат өндүрүүчүлөрдү;
· Фермерлерди жана дыйкандарды;
· Айыл чарба продукциясын кайра иштетүүчүлөрдү;
· Кол өнөрчүлөрдү;
· Аялдар топторун;
· Жаштарды;
· Иштеп жаткан ишкерлерди;
· Өндүрүш ачууга же өнүктүрүүгө кызыкдар жергиликтүү тургундарды.
Өзгөчө төмөнкү
адамдардын катышуусу МААНИЛҮҮ:
· Тажрыйбалуу ишкерлер;
· Соода жана сатуу тармагында тажрыйбасы бар жарандар;
· Жаңы рынокторду издөөгө кызыкдар өндүрүүчүлөр жана ишкерлер;
· Өндүрүшүн кеңейтүүгө даяр, демилгелүү ишкерлер.
Бизнес-өнөктөштөргө коюлуучу негизги талаптар:
· Жергиликтүү ресурстар менен иштөө мүмкүнчүлүгүнүн болушу;
· Өндүрүштү өнүктүрүүгө кызыгуу;
· Окууларга жана практикалык тренингдерге үзгүлтүксүз катышууга даяр болуу;
· Сапат стандарттарын сактоого умтулуу;
· Команда менен иштөөгө даярдык.
Биргелешип иш алып баруу аркылуу жергиликтүү
ресурстарды натыйжалуу пайдаланып, жаңы жумуш орундарын түзүп, айыл
экономикасын өнүктүрүүгө салым кошолу!
Жолугушуулардын графиги тиркелет
| Шилтемелер аты | Иш аракет |
|---|---|
| График рабочей поездки | Скачать |