Өнүктүрүүчү карточкалар мектепке чейинки курактагы балдарды окутууда жана өнүктүрүүдө натыйжалуу курал болуп саналат. Көрсөтмөлүү материалдарды колдонуу балдардын сүйлөө жөндөмүн, эс тутумун, көңүл буруусун, логикалык ой жүгүртүүсүн өнүктүрүүгө, сөз байлыгын кеңейтүүгө жана айлана-чөйрө тууралуу баштапкы түшүнүктөрдү калыптандырууга жардам берет.
Бул материалдар тарбиячыларга, педагогдорго жана ата-энелерге балдар менен өнүктүрүүчү жана оюн түрүндөгү иштерди уюштурууда колдоо көрсөтүү максатында даярдалды. Карточкаларды уюштурулган сабактарда да, күнүмдүк билим берүү ишмердүүлүгүндө да колдонууга болот.
Материалдар түстөр, сандар, жаныбарлар, жемиштер, айлана-чөйрөдөгү буюмдар жана баланын эрте өнүгүүсү үчүн зарыл болгон башка негизги темаларды камтыйт. Кыргыз жана орус тилдериндеги эки тилдүү материалдарды колдонуу балдардын тил чөйрөсүн өнүктүрүүгө жана коммуникативдик көндүмдөрүн кеңейтүүгө көмөк көрсөтөт.