Министерство
просвещения Кыргызской Республики совместно с Агентство развития и
инвестирования сообществ (АРИС) при поддержке Всемирный банк объявляет о начале
конкурсного отбора участников Программы по поддержке создания и/или расширения
частных дошкольных образовательных организаций (ЧДОО), реализуемой в рамках
Национального проекта по инициативе сообществ (НПИС).
Жеке менчик мектепке чейинки билим берүү уюмдарын (ЖМЧББУ) колдоо программасын ишке ашыруунун алкагында келип түшкөн арыздарды техникалык иштетүү жүргүзүлдү. Бул этаптын негизги максаты — арыз ээлеринин программанын белгиленген критерийлерине шайкештигин текшерүү, катышууга болгон кызыгуусун тастыктоо жана программанын кийинки этаптары үчүн актуалдуу катышуучулар базасын түзүү болду.
Техникалык иштетүүнүн алкагында арыз ээлери менен байланышуу, арыздардагы маалыматтарды тактоо, ЖМЧББУ ачыла турган аймактардын максаттуу айыл аймактарына шайкештигин текшерүү, кайталанган арыздарды аныктоо жана ар бир арыз боюнча акыркы статусун белгилөө иштери жүргүзүлдү.
Мектепке чейинки билим берүү кызматтарынын сапатын жогорулатуу жана билим берүү кызмат көрсөтүүчүлөрүн колдоо максатында «Билимдүү муун» платформасында онлайн-окутуу уюштурулууда.
Окутуу мектепке чейинки билим берүү тармагында иш алып барган же бул багытта иштөөнү пландаган жарандарга, анын ичинде жеке ишкерлерге, тарбиячыларга жана мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын жетекчилерине арналган.
Курс мектепке чейинки билим берүү кызматтарын уюштуруунун негизги талаптарын, коопсуздук маселелерин, балдарды өнүктүрүү ыкмаларын, билим берүү чөйрөсүн уюштурууну жана нормативдик аспектилерди камтыйт. Курсту ийгиликтүү аяктаган катышуучуларга сертификат берилет.