A PHP Error was encountered

Severity: Notice

Message: Trying to get property 'title' of non-object

Filename: controllers/topics.php

Line Number: 122

A PHP Error was encountered

Severity: Notice

Message: Trying to get property 'id' of non-object

Filename: controllers/topics.php

Line Number: 125

A PHP Error was encountered

Severity: Notice

Message: Trying to get property 'id' of non-object

Filename: controllers/topics.php

Line Number: 125

A PHP Error was encountered

Severity: Notice

Message: Trying to get property 'title' of non-object

Filename: controllers/topics.php

Line Number: 131

A PHP Error was encountered

Severity: Notice

Message: Trying to get property 'title' of non-object

Filename: controllers/topics.php

Line Number: 133

A PHP Error was encountered

Severity: Notice

Message: Trying to get property 'slug' of non-object

Filename: controllers/topics.php

Line Number: 133

A PHP Error was encountered

Severity: Notice

Message: Trying to get property 'title' of non-object

Filename: controllers/topics.php

Line Number: 134

A PHP Error was encountered

Severity: Notice

Message: Trying to get property 'title' of non-object

Filename: controllers/topics.php

Line Number: 135

A PHP Error was encountered

Severity: Notice

Message: Trying to get property 'detail' of non-object

Filename: controllers/topics.php

Line Number: 138

A PHP Error was encountered

Severity: Notice

Message: Trying to get property 'detail' of non-object

Filename: controllers/topics.php

Line Number: 139

Articles | Topics - Онлайн Платформа
Logo

A PHP Error was encountered

Severity: Notice

Message: Trying to get property 'slug' of non-object

Filename: views/articles.php

Line Number: 2

Момбеков айылындагы Эгембердиев көчөсүн капиталдык оңдоо

 Эгембердиев көчөсүн капиталдык оңдоо (2200 м).

Жайгашкан жери: Жалал-Абад облусу, Ноокен району, Момбеков айыл аймагы, Момбеков айылы.

Максаты: Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу жана транспорттук жеткиликтүүлүктү жакшыртуу.


Жаңы билим — бизнести өнүктүрүүгө жаңы мүмкүнчүлүк

 Максатбек уулу Асылбек — 28 жашта, Каргалык айыл аймагынын Казарман айылынын тургуну. Кесиби боюнча ашпозчу-кондитер жана технолог. Ал Киреше булактарын колдоо программасынын катышуучусу.


Үй шартындагы таттуулардан — кеңейтилген бизнеске

 Мамасалиева Айзат — 33 жашта, төрт баланын энеси, Сузак районунун Кызыл-Туу аймагынын тургуну. Ал үй шартында таттууларды жасап, чакан ишкердик менен алектенет.


Тогуз-Торонун берекеси — өзгөчө брендге карай кадам

 Марсбек кызы Мээрим — Каргалык айыл аймагынын тургуну. Буга чейин кол өнөрчүлүк менен алектенип келген Мээрим бүгүн Тогуз-Торо районунун мөмөлөрүн кургатып, табигый чайларды даярдоо багытында өз ишин өнүктүрүп жатат.


Сезондук иштен туруктуу бизнеске: Айнара Ганиеванын окуясы

 Ганиева Айнара — Тон районунун Ак-Терек айыл аймагынын Кара-Коо айылынын тургуну. Учурда үй-бүлөсү менен канаттууларды багуу иши менен алектенип, бизнесин кеңейтүүнү пландап жатат.


«Келечек» балдар бакчасы, Казарман айылы

 «Келечек» балдар бакчасы, Казарман айылы

Аталышы: 290 орундуу «Келечек» балдар бакчасын капиталдык оңдоо.

  • Жайгашкан жери: Жалал-Абад облусу, Тогуз-Торо району, Каргалык айыл аймагы, Казарман айылы.
  • Максаты: 290 бала үчүн коопсуз жана заманбап шарттарды түзүү.

АЛДАРДЫН УКУКТАРЫ ЖӨНҮНДӨ МААЛЫМАТ

 Кош келиңиздер!

Бул бөлүмдөн аялдардын укуктары, тең мүмкүнчүлүктөр, басмырлоодон жана зомбулуктан коргонуу, ошондой эле жардам жана колдоо алуу мүмкүнчүлүктөрү тууралуу маалыматтарды таба аласыздар.

Аялдардын укуктары

Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, аялдар менен эркектер тең укуктарга жана эркиндиктерге ээ. Аялдар билим алууга, эмгектенүүгө, коопсуз жана татыктуу эмгек шарттарына, коомдук турмушка катышууга, мамлекеттик кызматтарды алууга жана өз укуктарын коргоого укуктуу.

Ар бир аял жашаган жерине, жашына, үй-бүлөлүк абалына же социалдык абалына карабастан, өз укуктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн эркин пайдаланууга укуктуу.


ЖАРДАМ ЖАНА КОЛДОО: КРИЗИСТИК БОРБОРЛОР

 Эгер сиз үй-бүлөлүк же гендердик зомбулукка кабылган болсоңуз, оор кырдаалга туш болсоңуз же сизге жардам жана колдоо керек болсо — кризистик борборлорго кайрылсаңыз болот.

5200 — ЖАРДАМ КӨРСӨТҮҮЧҮ ИШЕНИМ ТЕЛЕФОНУ

Күнү-түнү | Акысыз | Купуя

5200 номери аркылуу жеткиликтүү жардам тууралуу маалымат, психологиялык колдоо, укуктук жардам жана коопсуз жай тууралуу кеңеш алууга болот.

Жардам үчүн өзүңүз үчүн же башка адам үчүн кайрылсаңыз болот.


ДФ НПИС долбоорунун СЭУ документтери боюнча коомдук талкуулар аяктады

 2026-жылдын 4–16-сентябрында АРИСтин онлайн-платформасында ДФ НПИС долбоорунун 5 жаңыланган социалдык-экологиялык башкаруу (СЭУ) документтери боюнча коомдук талкуулар өткөрүлдү.

 Талкууларга Кыргызстандын 7 облусунан 2060 адам катышты. Катышуучулардын арасында аялдар 51%, жаштар 41% түзүп, өзгөчө активдүүлүктү көрсөтүштү.

Катышуучулар жаңыланган документтерди колдоп, алардын түшүнүктүүлүгүн жана жергиликтүү жамааттардын кызыкчылыктарын эске алгандыгын белгилешти. Келип түшкөн бардык сунуш-пикирлер талданып, документтерди акыркы редакциядан өткөрүүдө эске алынды

Документтер бекитилип,АРИСтин расмий сайтында жана онлайн-платформасында үч тилде — кыргыз, орус жана англис тилдеринде — жайгаштырылды.



«Сулайман-Тоо комплексин жана Өзгөн тарыхый-архитектуралык комплексин реконструкциялоо жана модернизациялоо» долбоорунун алкагында айлана-чөйрөгө жана социалдык чөйрөгө тийгизүүчү таасирди баалоо (ОВОСС)

 Кыргыз Республикасынын Коомчулуктарды өнүктүрүү жана инвестициялоо агентствосу (АРИС) тарабынан Дүйнөлүк банктын финансылык колдоосу менен ишке ашырылып жаткан Региондук экономикалык өнүктүрүү долбоорунун (ПРЭР-1) алкагында Ош шаарындагы Сулайман-Тоо комплексин жана Өзгөн тарыхый-архитектуралык комплексин реконструкциялоо жана модернизациялоо каралган.

Пландалган иштердин айлана-чөйрөгө, жергиликтүү жамааттарга, кызматкерлерге жана келүүчүлөргө тийгизиши мүмкүн болгон таасирин баалоо максатында айлана-чөйрөгө жана социалдык чөйрөгө тийгизүүчү таасирди баалоо (ОВОСС) жүргүзүлдү.


НПИСтин алкагында бизнес-өнөктөштүккө чакыруу

УРМАТТУУ АЙЫЛ ТУРГУНДАРЫ, ИШКЕРЛЕР ЖАНА ДЕМИЛГЕЛҮҮ ЖАРАНДАР!
АРИСтин Коомдоштуктардын демилгеси боюнча улуттук долбоорунун» (НПИС) алкагында жергиликтүү экономиканы өнүктүрүүгө багытталган өндүрүштүк жана киреше алып келүүчү демилгелерди ишке ашыруу үчүн бизнес-өнөктөштөрдү чакырат.
Эгерде сиз «Бир айыл – бир продукт» концепциясына негизделген, жергиликтүү ресурстар менен өндүрүштү өнүктүрүүгө, жаңы рынокторду өздөштүрүүгө жана өз ишиңизди кеңейтүүгө кызыкдар болсоңуз, анда бул мүмкүнчүлүк сиз үчүн! 


Аялдардын лидерлиги жана коомчулукту өнүктүрүү

Коомчулуктарды өнүктүрүү программаларынын алкагында аялдардын коомдук жашоодогу ролун күчөтүүгө, лидерлик потенциалын өнүктүрүүгө жана жергиликтүү демилгелерге активдүү катышуусун колдоого өзгөчө көңүл бурулат.

Бул максатта бардык максаттуу айыл аймактарында аялдардын лидерлик көндүмдөрүн өнүктүрүүгө, өзүнө болгон ишенимин жогорулатууга, коммуникация жана коомдук демилгелерди ишке ашыруу жөндөмдөрүн бекемдөөгө багытталган окутуулар жана практикалык тренингдер уюштурулуп келет.

Бул бөлүмдө лидер айымдар, активдүү жарандар жана коомчулук өкүлдөрү үчүн пайдалуу окуу материалдары, презентациялар, методикалык колдонмолор жана практикалык ресурстар жайгаштырылат.


Кыргыз Республикасынын бардык 40 максаттуу айыл аймагында аялдардын лидерлиги боюнча тренингдер ийгиликтүү өткөрүлдү

Коомчулуктардын потенциалын жогорулатуу программасынын алкагында 22-декабрдан баштап Кыргыз Республикасынын бардык 40 максаттуу айыл аймагында аялдардын лидерлиги боюнча тренингдер уюштурулуп өткөрүлдү.

Иш-чаралардын негизги максаты — аялдардын лидерлик сапаттарын өнүктүрүү, өзүнө болгон ишенимин арттыруу, коомдук жашоого активдүү катышуусун колдоо, ошондой эле коммуникация, чечим кабыл алуу жана жергиликтүү демилгелерди ишке ашыруу көндүмдөрүн бекемдөө болду.

Тренингдерге лидер айымдар, жергиликтүү коомчулуктун өкүлдөрү, жаш фасилитаторлор, айыл өкмөтүнүн кызматкерлери, активдүү аялдар жана өз коомчулугун өнүктүрүүгө кызыкдар болгон башка катышуучулар катышты.


«Билимдүү муун» платформасында мектепке чейинки билим берүү кызмат көрсөтүүчүлөрү үчүн онлайн-окутуу

Мектепке чейинки билим берүү кызматтарынын сапатын жогорулатуу жана билим берүү кызмат көрсөтүүчүлөрүн колдоо максатында «Билимдүү муун» платформасында онлайн-окутуу уюштурулууда.

Окутуу мектепке чейинки билим берүү тармагында иш алып барган же бул багытта иштөөнү пландаган жарандарга, анын ичинде жеке ишкерлерге, тарбиячыларга жана мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын жетекчилерине арналган.

Курс мектепке чейинки билим берүү кызматтарын уюштуруунун негизги талаптарын, коопсуздук маселелерин, балдарды өнүктүрүү ыкмаларын, билим берүү чөйрөсүн уюштурууну жана нормативдик аспектилерди камтыйт. Курсту ийгиликтүү аяктаган катышуучуларга сертификат берилет.


Жеке менчик мектепке чейинки билим берүү уюмдарын колдоо программасына берилген арыздарды техникалык иштетүүнүн жыйынтыктары

Жеке менчик мектепке чейинки билим берүү уюмдарын (ЖМЧББУ) колдоо программасын ишке ашыруунун алкагында келип түшкөн арыздарды техникалык иштетүү жүргүзүлдү. Бул этаптын негизги максаты — арыз ээлеринин программанын белгиленген критерийлерине шайкештигин текшерүү, катышууга болгон кызыгуусун тастыктоо жана программанын кийинки этаптары үчүн актуалдуу катышуучулар базасын түзүү болду.

Техникалык иштетүүнүн алкагында арыз ээлери менен байланышуу, арыздардагы маалыматтарды тактоо, ЖМЧББУ ачыла турган аймактардын максаттуу айыл аймактарына шайкештигин текшерүү, кайталанган арыздарды аныктоо жана ар бир арыз боюнча акыркы статусун белгилөө иштери жүргүзүлдү.


Мектепке чейинки билим берүү үчүн өнүктүрүүчү карточкалар

Өнүктүрүүчү карточкалар мектепке чейинки курактагы балдарды окутууда жана өнүктүрүүдө натыйжалуу курал болуп саналат. Көрсөтмөлүү материалдарды колдонуу балдардын сүйлөө жөндөмүн, эс тутумун, көңүл буруусун, логикалык ой жүгүртүүсүн өнүктүрүүгө, сөз байлыгын кеңейтүүгө жана айлана-чөйрө тууралуу баштапкы түшүнүктөрдү калыптандырууга жардам берет.

Бул материалдар тарбиячыларга, педагогдорго жана ата-энелерге балдар менен өнүктүрүүчү жана оюн түрүндөгү иштерди уюштурууда колдоо көрсөтүү максатында даярдалды. Карточкаларды уюштурулган сабактарда да, күнүмдүк билим берүү ишмердүүлүгүндө да колдонууга болот.

Материалдар түстөр, сандар, жаныбарлар, жемиштер, айлана-чөйрөдөгү буюмдар жана баланын эрте өнүгүүсү үчүн зарыл болгон башка негизги темаларды камтыйт. Кыргыз жана орус тилдериндеги эки тилдүү материалдарды колдонуу балдардын тил чөйрөсүн өнүктүрүүгө жана коммуникативдик көндүмдөрүн кеңейтүүгө көмөк көрсөтөт.


Модул: НПИС долбоорлорунда социалдык-экологиялык башкаруу (ЭПРО/бизнес тренерлерди даярдоо)

Бул окутуу модулу НПИС долбоорунун бенефициарларын окутууда, ЭПРО/бизнес тренерлерди даярдоо үчүн түзүлгөн.


Каргалык Айыл окмоту

Жашылдандыруу акциясы


«Жашыл мурас» жана «Көл мурасы»: Садыр-Аке айыл аймагындагы жашылдандыруу жана жаратылышты коргоо демилгелери

Аймактарды жашылдандыруу жана жамааттарды жаратылышты коргоо иш-чараларына тартуу климаттын өзгөрүшүнө адаптациялануунун жана айлана-чөйрөнү сактоонун маанилүү бөлүгү болуп саналат. Садыр-Аке айыл аймагында жашыл аймактарды көбөйтүү жана экологиялык абалды жакшыртуу боюнча демилгелер ишке ашырылууда.


Кереге-Таш айылындагы экологиялык акциялар: тазалык, жашылдандыруу жана экологиялык тарбия

Жергиликтүү экологиялык демилгелер экологиялык маданиятты өнүктүрүүдө жана жамааттардын климаттык өзгөрүүлөргө туруктуулугун жогорулатууда маанилүү орунду ээлейт. Кереге-Таш айылында аймактарды жашылдандыруу, тазалыкты сактоо жана балдарга экологиялык тарбия берүү боюнча иш-чаралар өткөрүлүүдө.


«Таза мектеп» жана «Жашыл мурас»: Кайырма-Арык айылындагы мектептин экологиялык демилгелери

Экологиялык тарбия берүү жана жаштарды климаттык демилгелерге тартуу туруктуу келечекти калыптандырууда маанилүү орунду ээлейт. Кайырма-Арык айылында жаратылышты коргоого, айлана-чөйрөнү жашылдандырууга жана экологиялык маданиятты өнүктүрүүгө багытталган иш-чаралар өткөрүлүүдө.


Ново-Константиновка айылындагы экологиялык демилгелер: мектеп менен жамааттын айлана-чөйрөнү коргоого кошкон салымы

Экологиялык маданиятты өнүктүрүү жана жаштарды климаттык демилгелерге тартуу жергиликтүү жамааттардын туруктуу өнүгүүсүнүн маанилүү бөлүгү болуп саналат. Ак-Суу районунда айлана-чөйрөгө жоопкерчиликтүү мамилени калыптандырууга жана тазалыкты сактоого багытталган иш-чаралар улантылууда.


Энилчек айылындагы «Жашыл мурас» акциясы: жергиликтүү жамааттын жашыл келечекке кошкон салымы

Климаттын өзгөрүшүнө адаптациялануу жана айлана-чөйрөнү коргоо маселелери айыл аймактарынын туруктуу өнүгүүсүнүн маанилүү бөлүгү болуп калды. Экологиялык туруктуулукту жогорулатуунун натыйжалуу жолдорунун бири — жергиликтүү тургундарды жашылдандыруу, жаратылышты коргоо жана экологиялык аң-сезимди өнүктүрүүгө багытталган демилгелерге тартуу болуп саналат.

Ак-Суу районунда климаттын өзгөрүшү боюнча маалымдуулукту жогорулатуу иш-чараларынын алкагында жергиликтүү жамааттар айлана-чөйрөнү коргоого жана климаттык чакырыктарга туруктуулукту жогорулатууга багытталган демилгелерди ишке ашырууну улантууда.


Ак-Суу районундагы ийгиликтүү климаттык демилгелер: жергиликтүү жамааттардын туруктуу өнүгүүгө жана айлана-чөйрөнү коргоого кошкон салымы

Климаттын өзгөрүшү күчөп жаткан шартта жамааттардын туруктуулугун жогорулатууга, айлана-чөйрөнү коргоого жана калктын экологиялык аң-сезимин калыптандырууга багытталган жергиликтүү демилгелер өзгөчө мааниге ээ болууда. Жергиликтүү деңгээлдеги практикалык иш-чаралар климаттык тобокелдиктерди азайтуу менен бирге тургундардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана коомдук активисттердин кызматташуусун бекемдөөгө жардам берет.

Бул отчет Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунда климаттын өзгөрүшү боюнча маалымдуулукту жогорулатуу боюнча иш-пландын алкагында аткарылган иш-чаралардын ийгиликтүү тажрыйбаларын жана жыйынтыктарын чагылдырат.


«Жаратылышты коргойбуз!» — Балдардын экологиялык сабагы жана климат тууралуу түшүндүрүү иш-чарасы

Кыскача сүрөттөмө

Бул видеодо Кереге-Таш айылындагы бала бакчада өткөрүлгөн экологиялык жана агартуу иш-чаралары чагылдырылган. Балдар жаратылышты коргоо, айлана-чөйрөгө аяр мамиле кылуу жана климаттын өзгөрүшү тууралуу маалымат алышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө:

  • экологиялык сабактар өткөрүлдү;
  • гүлдөр жана өсүмдүктөр өстүрүү боюнча практикалык иштер уюштурулду;
  • балдардын жаратылышка болгон сүйүүсүн арттырууга багытталган оюндар жана түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Мындай демилгелер жаш муундун экологиялык аң-сезимин өнүктүрүүгө жана таза, жашыл келечекти калыптандырууга көмөк көрсөтөт.


ДОЛБООРДУК СУНУШТАРДЫ ИШТЕП ЧЫГУУДА КЛИМАТТЫК АСПЕКТИЛЕРДИ эске алуу

Климаттын өзгөрүшү туруктуу өнүгүүгө, инфраструктурага жана калктын жашоо-шартына олуттуу таасир тийгизген негизги чакырыктардын бири болуп саналат. Температуранын жогорулашы, суу тартыштыгы, кургакчылык, сел, көчкү жана башка климаттык коркунучтар социалдык инфраструктурага, айыл чарбасына, энергетикага жана жергиликтүү экономикага түздөн-түз таасирин тийгизүүдө.

Мындай шартта долбоордук сунуштарды иштеп чыгууда климаттык аспектилерди эске алуу инвестициялардын туруктуулугун камсыз кылуу, ресурстарды натыйжалуу пайдалануу жана калкты климаттын өзгөрүшүнүн терс таасирлеринен коргоо үчүн маанилүү болуп эсептелет.

«Долбоордук сунуштарды иштеп чыгууда климаттык аспектилерди эске алуу» аттуу практикалык колдонмо жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, адистерге жана жамааттарга адаптация жана митигация чараларын долбоорлорду пландаштыруу процессине киргизүүдө колдоо көрсөтүү максатында даярдалган.


«Киреше булактарын колдоо программасы»

АРИС «Коомдоштуктардын демилгеси боюнча улуттук долбоор»  

«Киреше булактарын колдоо программасы»

Окутуу материалдары – бул программанын катышуучулары үчүн даярдалган.



«Программа поддержки источников дохода»

АРИС «Национальный проект по инициативе сообществ»  

«Программа поддержки источников дохода»

Учебные материалы – подготовлены для участников данной программы.


Зеленые технологии для развития сельских сообществ Кыргызстана: Практический онлайн-каталог

Добро пожаловать в единую информационную базу по ресурсосберегающим и энергоэффективным технологиям, разработанную специально для условий Кыргызской Республики


«ЖАШЫЛ ЭКОНОМИКА - ТУРУКТУУ ӨНҮГҮҮГӨ ЖОЛ»

Жашыл экономика деген эмне жана ал эмне үчүн маанилүү?

 

Максаты: Катышуучуларга «жашыл экономика» түшүнүгүнүн маңызын түшүндүрүү, салттуу («күрөң») экономикадан айырмасын көрсөтүү жана Кыргызстан үчүн бул багыттын стратегиялык маанисин ачып берүү.


Климаттын өзгөрүшү: Негизги түшүнүктөр, себептери жана кесепеттери

Климаттын өзгөрүшү деген эмне?


Климаттын өзгөрүшү — бул температуранын, жаан-чачындын режиминин жана экстремалдык кубулуштардын жыштыгынын узак мөөнөттүү өзгөрүүсү. Бул процесс табигый факторлордон жана адамдын иш-аракетинен улам келип чыгат.




Климаттын өзгөрүшү боюнча жарчыларынын (ПИКС) ийгиликтүү тажрыйбалары

КАРГАЛЫК АЙЫЛ АЙМАГЫНДАГЫ КЛИМАТТЫН ӨЗГӨРҮШҮ БОЮНЧА ЖАРЧЫЛАРДЫН (ПИКС) ИШМЕРДҮҮЛҮГҮ БОЮНЧА БАЯНДАМА ОТЧЕТУ


КУЛАКТАНДЫРУ !!!

Өз бизнесиңизди баштоого же кеңейтүүгө даярсызбы?

Сиз үчүн сонун мүмкүнчүлүк!

АРИСтин «Коомдоштуктардын демилгеси боюнча улуттук долбоорунун» алкагында «Киреше булактарын колдоо программасы» бизнес боюнча окутууларга  катышуучуларды чакырат!


Объявлен старт конкурсного отбора в рамках Программы поддержки создания и расширения частных дошкольных образовательных организаций

Министерство просвещения Кыргызской Республики совместно с Агентство развития и инвестирования сообществ (АРИС) при поддержке Всемирный банк объявляет о начале конкурсного отбора участников Программы по поддержке создания и/или расширения частных дошкольных образовательных организаций (ЧДОО), реализуемой в рамках Национального проекта по инициативе сообществ (НПИС).

 


Зеленый климатический фонд и АРИС подписали Генеральное соглашение об аккредитации
Зеленый климатический фонд и АРИС подписали Генеральное соглашение об аккредитации

«Климаттын өзгөрүүсү, анын кесепеттерин жумшартуу жана ыӊгайлашуу» тренингин өткөрүүнүн колдонмосу
Окутуунун максаты: Максаттуу айылдарда климаттын өзгөрүүсүнүн кесепеттерин жумшартуу жана ыӊгайлашуу боюнча маалымдуулукту жогорулатуу, тиешелүү технологиялар боюнча маалымат берүү жана коомчулукта жүрүм-турумдун өзгөрүшүнө көмөк көрсөтүү боюнча Коомчулуктун климат боюнча жарчыларын окутуу.