Сулайман-Тоо комплекси жана Өзгөн тарыхый-архитектуралык комплексин реконструкциялоо жана модернизациялоо долбоору боюнча Айлана-чөйрөгө жана социалдык чөйрөгө тийгизүүчү таасирге баа берүү (ОВОСС)
Сулайман-Тоо комплекси жана Өзгөн тарыхый-архитектуралык комплексин
реконструкциялоо жана модернизациялоо долбоору Дүйнөлүк банк тарабынан
каржыланып, Кыргыз Республикасынын Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо
агенттиги (АРИС) тарабынан ишке ашырылып жаткан Региондук экономикалык өнүгүү
долбоорунун (ПРЭР-1) алкагында
жүзөгө ашырылууда.
ПРЭР-1 долбоору
туризмди өнүктүрүү, аймактык потенциалды чыңдоо жана чакан жана орто бизнести
колдоо аркылуу Ош облусунун жана Ош шаарынын экономикалык өнүгүүсүнө көмөк
көрсөтүүгө багытталган.
Долбоордун негизги максаты – маданий мурас объекттерин сактоо
жана өнүктүрүү, алардын туристтик жагымдуулугун жогорулатуу, ошондой эле
келүүчүлөр үчүн инфраструктураны жана көрсөтүлүүчү кызматтардын сапатын
жакшыртуу.
Долбоор маданий мурастын төмөнкү эки негизги объектисин камтыйт:
Долбоор боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана Дүйнөлүк
банктын Экологиялык жана социалдык стандарттарына ылайык Айлана-чөйрөгө жана
социалдык чөйрөгө тийгизүүчү таасирге баа берүү (ОВОСС) жүргүзүлгөн.
Баалоонун жыйынтыгы долбоор жер тилкелерин алып коюуну, калкты
көчүрүүнү же айлана-чөйрөгө олуттуу терс таасир тийгизүүнү карабастыгын
көрсөттү. Негизги потенциалдуу тобокелдиктер курулуш иштерин жүргүзүүгө жана
маданий мурас объекттеринин сакталышын камсыздоого байланыштуу.
Тобокелдиктерди минималдаштыруу максатында төмөнкү чаралар
каралган:
| Filename | Action |
|---|---|
| Download |