Logo

Сулайман-Тоо комплекси жана Өзгөн тарыхый-архитектуралык комплексин реконструкциялоо жана модернизациялоо долбоору боюнча Айлана-чөйрөгө жана социалдык чөйрөгө тийгизүүчү таасирге баа берүү (ОВОСС)

Сулайман-Тоо комплекси жана Өзгөн тарыхый-архитектуралык комплексин реконструкциялоо жана модернизациялоо долбоору боюнча Айлана-чөйрөгө жана социалдык чөйрөгө тийгизүүчү таасирге баа берүү (ОВОСС)

 Сулайман-Тоо комплекси жана Өзгөн тарыхый-архитектуралык комплексин реконструкциялоо жана модернизациялоо долбоору боюнча Айлана-чөйрөгө жана социалдык чөйрөгө тийгизүүчү таасирге баа берүү (ОВОСС)

Сулайман-Тоо комплекси жана Өзгөн тарыхый-архитектуралык комплексин реконструкциялоо жана модернизациялоо долбоору Дүйнөлүк банк тарабынан каржыланып, Кыргыз Республикасынын Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттиги (АРИС) тарабынан ишке ашырылып жаткан Региондук экономикалык өнүгүү долбоорунун (ПРЭР-1) алкагында жүзөгө ашырылууда.

ПРЭР-1 долбоору туризмди өнүктүрүү, аймактык потенциалды чыңдоо жана чакан жана орто бизнести колдоо аркылуу Ош облусунун жана Ош шаарынын экономикалык өнүгүүсүнө көмөк көрсөтүүгө багытталган.

Долбоордун негизги максаты – маданий мурас объекттерин сактоо жана өнүктүрүү, алардын туристтик жагымдуулугун жогорулатуу, ошондой эле келүүчүлөр үчүн инфраструктураны жана көрсөтүлүүчү кызматтардын сапатын жакшыртуу.

Долбоор маданий мурастын төмөнкү эки негизги объектисин камтыйт:

  • Ош шаарындагы Сулайман-Тоо комплекси – ЮНЕСКОнун Дүйнөлүк мурастар тизмесине кирген объект жана Кыргызстандын негизги тарыхый-маданий символдорунун бири;
  • Өзгөн тарыхый-архитектуралык комплекси – мавзолейлерди, мунараны жана музей объекттерин камтыган Караханийлер доорунун уникалдуу эстелиги.

Долбоор боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана Дүйнөлүк банктын Экологиялык жана социалдык стандарттарына ылайык Айлана-чөйрөгө жана социалдык чөйрөгө тийгизүүчү таасирге баа берүү (ОВОСС) жүргүзүлгөн.

Баалоонун жыйынтыгы долбоор жер тилкелерин алып коюуну, калкты көчүрүүнү же айлана-чөйрөгө олуттуу терс таасир тийгизүүнү карабастыгын көрсөттү. Негизги потенциалдуу тобокелдиктер курулуш иштерин жүргүзүүгө жана маданий мурас объекттеринин сакталышын камсыздоого байланыштуу.

Тобокелдиктерди минималдаштыруу максатында төмөнкү чаралар каралган:

  • эмгекти коргоо жана коопсуздук техникасы боюнча талаптарды сактоо;
  • курулуш иштеринин жүрүшүндө маданий мурас объекттерин коргоо;
  • ызы-чууну, чаңды жана курулуш калдыктарын көзөмөлдөө;
  • туруктуу экологиялык жана социалдык мониторинг жүргүзүү;
  • кызыкдар тараптар менен консультацияларды өткөрүү;
  • реставрациялоо жана маданий мурастарды коргоо жаатындагы адистерди тартуу.
Наименование файла Действие
Скачать
0
4