Урматтуу Кайырма-Арык айылынын тургундары!
Айылдын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө багытталган артыкчылыктуу чакан долбоорлорду колдоо максатында ишке ашырылып жаткан Коомчулуктун демилгеси боюнча улуттук долбоордун (КДУД) алкагында тургундар менен макулдашуу жүргүзүлөт.
Сиздердин айыл үчүн иштелип чыккан Айлана-чөйрөнү жана социалдык чөйрөнү башкаруу планы (ПУОСС) макулдашууга коюлууда. Бул документ Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана Дүйнөлүк банктын талаптарына ылайык даярдалган.
ПУОСС чакан долбоорлорду ишке ашырууда мүмкүн болгон экологиялык жана социалдык тобокелдиктерди башкаруу боюнча чараларды камтыйт, анын ичинде:
айыл тургундарынын жана жумушчулардын ден соолугун жана коопсуздугун камсыз кылуу;
абага, топуракка жана суу ресурстарына мүмкүн болгон терс таасирди азайтуу;
курулуш иштери учурунда ызы-чуунун деңгээлин башкаруу;
башка экологиялык жана социалдык тобокелдиктерди алдын алуу жана азайтуу.
Сиздер ПУОСС документи менен төмөнкү шилтеме аркылуу таанышып, өз сунуштарыңызды жана пикирлериңиздерди калтырсаңыздар болот:
| Шилтемелер аты | Иш аракет |
|---|---|
| АА Шекер. ПУОСС | Скачать |