Logo

Ново-Константиновка айылындагы экологиялык демилгелер: мектеп менен жамааттын айлана-чөйрөнү коргоого кошкон салымы

Ново-Константиновка айылындагы экологиялык демилгелер: мектеп менен жамааттын айлана-чөйрөнү коргоого кошкон салымы

Ново-Константиновка айылындагы О. Элебесов атындагы мектепте климатты жана жаратылышты коргоо боюнча экологиялык жана агартуу иш-чаралары өткөрүлдү.

Иш-чаралардын алкагында:

  • таштандыларды кайра иштетүү жана айылдын тазалыгын сактоо боюнча талкуулар уюштурулду;
  • мектеп аймагын тазалоо боюнча «Тазалык» акциясы өткөрүлдү;
  • гүлдөр отургузулуп, айлана көрктөндүрүлдү.

Иш-чараларга окуучулар, мугалимдер жана ата-энелер активдүү катышты. Демилгелер жергиликтүү жамааттын экологиялык маданиятты жана климаттык жоопкерчиликти өнүктүрүүдөгү активдүү катышуусун көрсөттү.

Шилтемелер аты Иш аракет
Ново-Константиновка Скачать
0
49