Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы Кыдыр-Аке айыл аймагына караштуу Энилчек айылында жергиликтүү тургундардын жана ПИКС өкүлдөрүнүн катышуусу менен «Жашыл мурас» экологиялык акциясы ийгиликтүү өткөрүлдү.
Иш-чаранын негизги максаты айыл аймагын жашылдандыруу жана экологиялык абалды жакшыртуу болду. Акциянын алкагында айыл көчөлөрүнө бак-дарактардын көчөттөрү отургузулуп, жашоочулар айлана-чөйрөнү жакшыртууга өз салымдарын кошушту.
Бак-дарак отургузуу төмөнкү багыттарга оң таасирин тийгизет:
Бул акция жергиликтүү жамааттын экологиялык маселелерди чечүүгө активдүү катышуусунун мисалы болуп, жаратылышты сактоо жана туруктуу өнүгүү үчүн биргелешкен аракеттердин маанилүүлүгүн көрсөттү.
Мындай демилгелер экологиялык абалды жакшыртуу менен бирге калктын климатка багытталган аракеттердин маанисин түшүнүүсүнө көмөк көрсөтөт.
| Шилтемелер аты | Иш аракет |
|---|---|
| Эңилчек | Скачать |