Ак-Суу районундагы ийгиликтүү климаттык демилгелер: жергиликтүү жамааттардын туруктуу өнүгүүгө жана айлана-чөйрөнү коргоого кошкон салымы
Отчетто Кыдыр-Аке айыл аймагында ПИКС өкүлдөрүнүн, жергиликтүү тургундардын, билим берүү мекемелеринин жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн активдүү катышуусу менен ишке ашырылган ийгиликтүү демилгелер көрсөтүлгөн.
Ишке ашырылган негизги демилгелер:
-
сел коркунучун алдын алуу жана калкты коргоо максатында Ак-Суу дарыясынын жээгин бекемдөө;
-
коомдук жайларды жана парктарды тазалоо боюнча экологиялык акцияларды өткөрүү;
-
«Жашыл мурас» жана «Бир адамдан бир көчөт» демилгелеринин алкагында көчөт отургузуу жана жашылдандыруу иштери;
-
балдардын жана жаштардын экологиялык аң-сезимин өнүктүрүүгө багытталган билим берүү жана маданий иш-чаралар.
Отчет жергиликтүү жамааттардын биргелешкен аракеттери төмөнкү багыттарга кандай салым кошуп жатканын көрсөтөт:
-
климаттык тобокелдиктерди азайтуу;
-
инфраструктураны жана жаратылыш ресурстарын коргоо;
-
аймактардын экологиялык абалын жакшыртуу;
-
айлана-чөйрөгө аяр мамиле жасоо маданиятын өнүктүрүү;
-
калкты климатка адаптация жана туруктуу өнүгүү процесстерине тартуу.
Бул ийгиликтүү окуялар жергиликтүү демилгелер климаттык туруктуулукту жогорулатууга жана экологиялык жоопкерчиликтүү коомдорду калыптандырууга чоң салым кошо аларын көрсөтөт.