Logo

Климаттын өзгөрүшү: Негизги түшүнүктөр, себептери жана кесепеттери

Климаттын өзгөрүшү: Негизги түшүнүктөр, себептери жана кесепеттери

Негизги себептери:

  1. Антропогендик (адамдык) факторлор: Көмүр, мунай жана газ сыяктуу казылып алынган отундарды жагуу, токойлорду кыюу жана айыл чарба иштеринен улам атмосферада парник газдарынын (СО₂, метан ж.б.) көбөйүшү. Бул парник эффектин күчөтүп, планетанын жылышына алып келет.
  2. Табигый себептер: Күн активдүүлүгүнүн өзгөрүшү, вулкандык атылуулар жана жердин орбитасынын өзгөрүшү.

Кыргызстан үчүн кесепеттери:

  • Температуранын көтөрүлүшү: Кыргызстанда акыркы 50 жылда орточо жылдык температура болжол менен 1,3 °Cге жогорулады.
  • Мөңгүлөрдүн эриши: Мөңгүлөрдүн жалпы аянты акыркы 50 жылда 20%дан ашык кыскарган, бул суу ресурстарына чоң коркунуч туудурат.
  • Ооптуу жаратылыш кубулуштары: Сел, жер көчкү жана кар көчкүлөрдүн жыштыгы акыркы 30 жылда дээрлик 2 эсеге өстү.
  • Айыл чарбасы: Кургакчылык жана суунун тартыштыгы түшүмдүүлүктүн төмөндөшүнө жана фермерлердин кирешесинин азайышына алып келүүдө.

Эмне кылуу керек? Климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөшүү эки багытта жүрүшү зарыл:

  • Адаптация (көнүгүү): Сууну үнөмдүү пайдалануу (тамчылатып сугаруу), туруктуу айыл чарба технологияларын киргизүү жана өзгөчө кырдаалдарга даярдык көрүү.
  • Митигация (жумшартуу): Энергияны үнөмдөө, күн панелдери сыяктуу кайра жаралуучу энергия булактарына өтүү жана токойлорду отургузуу.

Бул презентация коомчулуктун климаттык туруктуулугун жогорулатуу жана жергиликтүү деңгээлде адаптация чараларын пландоо максатында иштелип чыккан


Шилтемелер аты Иш аракет
Климаттын өзгөрүшү деген эмне? Скачать
0
42