АРИСтин жаңы онлайн платформасына (ОПА ) кош келиңиз! Бул платформа жергиликтүү жамааттарды ресурстарды башкарууга жана негизги чечимдерди кабыл алууга активдүү тартуу максатында түзүлгөн.
ОПА — бул ар бир адамга өз жамаатынын муктаждыктарын баалоого жана инвестициялык ресурстарды бөлүштүрүүгө катышууга мүмкүнчүлүк берген инновациялык аянтча. Долбоор иш-чаралары тууралуу маалыматтын ачыктыгы, натыйжалуулугу жана жеткиликтүүлүгү — биздин негизги принциптерибиз.
ОПА АРИСтин негизги миссиясы — ар бир добушка угулууга мүмкүнчүлүк берүү жана жергиликтүү жамааттардын өнүгүшүнө жана гүлдөп-өсүшүнө өбөлгө түзгөн чечимдерди кабыл алууга катышууну камсыз кылуу.
Биз сыймыктануу менен билдиребиз: 2020-жылдан бери биздин платформада 4647 онлайн иш-чара өткөрүлүп, аларга 1 542 956 адам катышты! Өзгөчө маанилүү салымды 777 212 аял (50%) кошуп, өз жамааттарынын келечегин калыптандырууга активдүү катышып келишет. Ачык талкуулардын натыйжасында катышуучулар 639 731ден ашык комментарий калтырып, идеялар, сунуштар жана пикирлер менен бөлүшүштү. Бул биздин платформаны ачык жана натыйжалуу диалогдун борборуна айландырды.
ОПА кошулуп, ушул маанилүү процесстин бөлүгү болуңуз — бирге биз баарыбыз үчүн мыкты келечек курабыз!