Logo

Конкурстук тандоо

Конкурстук тандоо

Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин жалпы координациясы астында жана Дүйнөлүк банктын каржылык колдоосу менен Кыргыз Республикасынын Коомчулуктарды өнүктүрүү жана инвестициялоо агентвосу (АРИС) экономикалык объектилерди ишке ашыруу үчүн конкурстук тандоонун күнү пландалганын жарыялайт. Бул республикалык конкурска Коомдоштуктардын демилгеси боюнча улуттук долбоордун 40 максаттуу айыл аймагы катышат, анын жыйынтыгында 15-20 АА тандалып алынып, 17,5 млндон 26,0 млн. сом. чейинки инвестициялык гранттар берилет.

Бул каражаттар айылдык аймактын экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн жакшыртууга, бизнести баштоо же кеңейтүү үчүн шарттарды түзүүгө, ошондой эле аялдар, жаштар жана аялуу катмарлар үчүн жаңы жумуш орундарын түзүүгө багытталат.

Экономикалык долбоорлор «Бир айыл – бир продукт» концепциясы менен ишке ашырылып, изилдөөнүн жыйынтыгына шайкеш келген жергиликтүү сырьелордун приоритеттүү кошумча нарк чынжырчаларынын багыттарына багыталышы шарт.

Арыздарды тапшыруунун акыркы мөөнөтү – 2026-жылдын 23-марты, саат 18.00 го чейин, бул жөнөтүлгөн күнү, Nabdybekova@aris.kg электрондук почтасына түшкөн дата менен тастыкталат. 

«Жергиликтүү экономикалык өнүгүү жана аялдар жана жаштар үчүн жашоого каражат табуу мүмкунчүлүктөрү» компонентинин алкагында экономикалык чакан долбоорлорду ишке ашыруу учун айылдык аймактарды тандоо жобосу максаттуу айылдык аймактарга расмий жөнөтүлгөнүн билдиребиз.

Кошумча маалымат алуу үчүн: +996 707 137 722