АРИСтин социалдык жана экологиялык чараларына арналган бөлүмгө кош келиңиздер! Долбоорду ишке ашыруу — бул объекттерди куруу же инфраструктураны өнүктүрүү менен гана чектелбейт. Долбоорлор адамдарга пайда алып келип, жергиликтүү жамааттардын өзгөчөлүктөрүн жана кызыкчылыктарын эске алуу менен, айлана-чөйрөгө аяр мамиле жасоо менен ишке ашырылышы маанилүү. Социалдык жана экологиялык чаралар (СЭМБ) долбоорлорду ишке ашырууда келип чыгышы мүмкүн болгон тобокелдиктерди алдын ала аныктоого жана аларды алдын алуу же азайтуу боюнча зарыл чараларды көрүүгө жардам берет. АРИСтин долбоорлорунун алкагында төмөнкү маселелерге өзгөчө көңүл бурулат:СЭМБ эмнени камсыз кылат?
АРИСтин долбоорлорун даярдоодо жана ишке ашырууда социалдык жана экологиялык маселелер ар кандай этаптарда эске алынат — долбоорду даярдоодон тартып, иштерди аяктоого чейин.
Мындай мамиле айлана-чөйрөгө жана калкка тийгизилиши мүмкүн болгон терс таасирлерди азайтууга гана эмес, долбоорлордун натыйжалары жергиликтүү жамааттар үчүн коопсуз, пайдалуу жана узак мөөнөттүү туруктуу болушуна шарт түзөт.
Жергиликтүү жамааттардын жашоочулары жана башка кызыкдар тараптар долбоорлор тууралуу маалымат алып, коомдук талкууларга катышып, өз сунуштарын жана пикирлерин билдире алышат. Ошондой эле суроолор же даттануулар боюнча кайрылууга мүмкүнчүлүк бар.
Ачык-айкындуулук, коомчулуктун катышуусу жана кайтарым байланыш АРИСтин долбоорлорун адамдардын муктаждыктарына жооп берген жана жоопкерчиликтүү түрдө ишке ашырууга жардам берет.
Бул бөлүмдөн сиз социалдык жана экологиялык талаптар, тиешелүү документтер, коомдук талкуулар, көрүлүп жаткан чаралар, ошондой эле кайтарым байланыш жана кайрылууларды кароо механизмдери тууралуу маалыматтарды таба аласыздар.
2026-жылдын 4–16-сентябрында АРИСтин онлайн-платформасында ДФ НПИС долбоорунун 5 жаңыланган социалдык-экологиялык башкаруу (СЭУ) документтери боюнча коомдук талкуулар өткөрүлдү.
Талкууларга Кыргызстандын 7 облусунан 2060 адам катышты. Катышуучулардын арасында аялдар 51%, жаштар 41% түзүп, өзгөчө активдүүлүктү көрсөтүштү.
Катышуучулар жаңыланган документтерди колдоп, алардын түшүнүктүүлүгүн жана жергиликтүү жамааттардын кызыкчылыктарын эске алгандыгын белгилешти. Келип түшкөн бардык сунуш-пикирлер талданып, документтерди акыркы редакциядан өткөрүүдө эске алынды
Документтер бекитилип,АРИСтин расмий сайтында жана онлайн-платформасында үч тилде — кыргыз, орус жана англис тилдеринде — жайгаштырылды.
Кыргыз Республикасынын Коомчулуктарды өнүктүрүү жана инвестициялоо агентствосу (АРИС) тарабынан Дүйнөлүк банктын финансылык колдоосу менен ишке ашырылып жаткан Региондук экономикалык өнүктүрүү долбоорунун (ПРЭР-1) алкагында Ош шаарындагы Сулайман-Тоо комплексин жана Өзгөн тарыхый-архитектуралык комплексин реконструкциялоо жана модернизациялоо каралган.
Пландалган иштердин айлана-чөйрөгө, жергиликтүү жамааттарга, кызматкерлерге жана келүүчүлөргө тийгизиши мүмкүн болгон таасирин баалоо максатында айлана-чөйрөгө жана социалдык чөйрөгө тийгизүүчү таасирди баалоо (ОВОСС) жүргүзүлдү.