Logo

Мектепке чейинки билим берүү

Мектепке чейинки билим берүү

 Кыргыз Республикасынын аймактарында сапаттуу мектепке чейинки билим берүүгө жеткиликтүүлүктү кеңейтүү

Биз Кыргызстандын аймактарында мектепке чейинки билим берүүнү колдоо программасын ишке ашырып жатабыз. Программа Эл аралык өнүктрүү ассоциациясынын (ЭОА) түз координациясынын Эрте билим берүү жаатындагы өнөктөштүктүн көп тараптуу донордук трасттык фондунун каржылоосунун алдында Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги менен кызматташтыкта Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттиги (АРИС) тарабынан Коомдоштуктардын демилгеси боюнча улуттук долбоордун (НПИС) алкагында ишке ашырылат.

Демилгени ишке ашыруунун алкагында 10дон кем эмес энергоэффективдүү муниципалдык мектепке чейинки билим берүү уюмдарын куруу жана жабдуу, ошондой эле 15тен кем эмес жеке менчик мектепке чейинки билим берүү уюмдарын түзүүгө жана кеңейтүүгө көмөктөшүү каралган.

Долбоор максаттуу 40 айыл аймакта 500дөн кем эмес балдарга мектепке чейинки билим берүү менен камсыз кылууну кеңейтүүгө, билим берүү процессинин сапатын жогорулатууга жана Кыргыз Республикасындагы балдар үчүн бирдей старттык мүмкүнчүлүктөрдү түзгөн заманбап, энергоэффективдүү инфраструктураны түзүүгө мүмкүндүк берет.

Маалымат баракчасы



Информационные материалы

Жеке менчик мектепке чейинки билим берүү уюмдарын колдоо программасына берилген арыздарды техникалык иштетүүнүн жыйынтыктары

Жеке менчик мектепке чейинки билим берүү уюмдарын (ЖМЧББУ) колдоо программасын ишке ашыруунун алкагында келип түшкөн арыздарды техникалык иштетүү жүргүзүлдү. Бул этаптын негизги максаты — арыз ээлеринин программанын белгиленген критерийлерине шайкештигин текшерүү, катышууга болгон кызыгуусун тастыктоо жана программанын кийинки этаптары үчүн актуалдуу катышуучулар базасын түзүү болду.

Техникалык иштетүүнүн алкагында арыз ээлери менен байланышуу, арыздардагы маалыматтарды тактоо, ЖМЧББУ ачыла турган аймактардын максаттуу айыл аймактарына шайкештигин текшерүү, кайталанган арыздарды аныктоо жана ар бир арыз боюнча акыркы статусун белгилөө иштери жүргүзүлдү.

«Билимдүү муун» платформасында мектепке чейинки билим берүү кызмат көрсөтүүчүлөрү үчүн онлайн-окутуу

Мектепке чейинки билим берүү кызматтарынын сапатын жогорулатуу жана билим берүү кызмат көрсөтүүчүлөрүн колдоо максатында «Билимдүү муун» платформасында онлайн-окутуу уюштурулууда.

Окутуу мектепке чейинки билим берүү тармагында иш алып барган же бул багытта иштөөнү пландаган жарандарга, анын ичинде жеке ишкерлерге, тарбиячыларга жана мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын жетекчилерине арналган.

Курс мектепке чейинки билим берүү кызматтарын уюштуруунун негизги талаптарын, коопсуздук маселелерин, балдарды өнүктүрүү ыкмаларын, билим берүү чөйрөсүн уюштурууну жана нормативдик аспектилерди камтыйт. Курсту ийгиликтүү аяктаган катышуучуларга сертификат берилет.

Объявлен старт конкурсного отбора в рамках Программы поддержки создания и расширения частных дошкольных образовательных организаций

Министерство просвещения Кыргызской Республики совместно с Агентство развития и инвестирования сообществ (АРИС) при поддержке Всемирный банк объявляет о начале конкурсного отбора участников Программы по поддержке создания и/или расширения частных дошкольных образовательных организаций (ЧДОО), реализуемой в рамках Национального проекта по инициативе сообществ (НПИС).