Logo

Киреше булактарын колдоо программасы (ППИД) Идея. Билим. Мүмкүнчүлүк. Киреше.

Киреше булактарын колдоо программасы (ППИД) Идея. Билим. Мүмкүнчүлүк. Киреше.

Киреше булактарын колдоо программасы — жергиликтүү жамааттардын жашоочуларына жаңы билимдерди алууга, ишкердик көндүмдөрүн өнүктүрүүгө, өз идеяларын ишке ашырууга жана кошумча киреше булактарын түзүүгө мүмкүнчүлүк берген программа. Программа АРИС тарабынан бир нече жылдан бери ишке ашырылып келет. Ал адамдарга жаңы билимдерди алуу менен гана чектелбестен, өз мүмкүнчүлүктөрүнө ишенүүгө, өз идеясын так планга айландырууга жана аны ишке ашырууга алгачкы кадамдарды жасоого жардам берет.

 

Бул жерде идеялар жаралып, жаңы мүмкүнчүлүктөр ачылат

Программанын алкагында жамааттардын жашоочулары төмөнкү багыттар боюнча билим жана практикалык көндүмдөргө ээ болушат:

  • бизнес-идеяларды жана бизнес-пландарды иштеп чыгуу;
  • финансылык сабаттуулук жана бюджетти пландаштыруу;
  • ишкердиктин негиздери;
  • продукцияларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү илгерилетүү жана маркетинг;
  • жеке ишти өнүктүрүү жана кеңейтүү;
  • колдо болгон ресурстарды натыйжалуу пайдалануу;
  • өз алдынча иш менен камсыз болуу жана жумуш орундарын түзүү боюнча көндүмдөрдү өнүктүрүү.

Программада аялдарга жана жаштарга өзгөчө көңүл бурулат. Алар жаңы билимдерди жана практикалык көндүмдөрдү алып, өз жөндөмдөрүн өнүктүрүүгө жана кесиптик жана экономикалык жактан өнүгүүнүн жаңы мүмкүнчүлүктөрүн табууга шарт түзүлөт.

Практикада колдонууга боло турган билим

Программанын катышуучулары жөн гана маалымат угуп тим болбостон, киреше-чыгашаларды эсептөөнү, рынокту талдоону, өз ишин өнүктүрүүнү пландаштырууну, продукцияны илгерилетүүнү жана негиздүү финансылык чечимдерди кабыл алууну үйрөнүшөт.

Алынган билимдерди ар кандай багыттарда колдонууга болот: чакан үй-бүлөлүк бизнестен жана айыл чарба продукциясын кайра иштетүүдөн тартып, кызмат көрсөтүү, кол өнөрчүлүк, өндүрүш жана башка тармактарга чейин.

Күч — адамдардын демилгесинде

Биз туруктуу өнүгүү ар бир адамдын демилгесинен башталат деп ишенебиз.

Бүгүнкү кичинекей идея эртеңки киреше булагына айланышы мүмкүн.

Ошондуктан программа жашоочуларга билим алууга, тажрыйба алмашууга, жаңы идеяларды табууга жана өз үй-бүлөлөрүнүн жана жамааттарынын өнүгүүсү үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү биргеликте издөөгө шарт түзөт.

Илхам берген окуялар

Ар бир окуунун жана ар бир демилгенин артында адамдардын идеясы, эмгеги, өнүгүүгө болгон умтулуусу жана жашоосун жакшы жакка өзгөртүүгө болгон аракети турат.

Бул бөлүмдө биз программа, анын катышуучулары, кызыктуу бизнес-идеялар, окуулардын жыйынтыктары жана өз киреше булагын түзүүгө алгачкы кадамдарын жасаган жамааттардын жашоочуларынын окуялары менен бөлүшөбүз.

Жаңылыктарды жана материалдарды үзгүлтүксүз карап туруңуздар жана Киреше булактарын колдоо программасы түзүп жаткан жаңы мүмкүнчүлүктөр менен таанышыңыздар.

Сиздин билимиңиз — сиздин мүмкүнчүлүгүңүз.

Сиздин идеяңыз — алгачкы кадамыңыз.

Информационные материалы

КУЛАКТАНДЫРУ !!!

Өз бизнесиңизди баштоого же кеңейтүүгө даярсызбы?

Сиз үчүн сонун мүмкүнчүлүк!

АРИСтин «Коомдоштуктардын демилгеси боюнча улуттук долбоорунун» алкагында «Киреше булактарын колдоо программасы» бизнес боюнча окутууларга  катышуучуларды чакырат!