Logo

Жаңы билим — бизнести өнүктүрүүгө жаңы мүмкүнчүлүк

Жаңы билим — бизнести өнүктүрүүгө жаңы мүмкүнчүлүк

 Окутуунун жүрүшүндө Асылбек үчүн бизнести туура пландаштыруу, продукциянын өздүк наркын аныктоо, таңгактоо жана дизайн боюнча темалар өзгөчө кызыктуу болгон.

Алынган билимдердин негизинде Асылбек социалдык контракт алууга документтерин тапшырды. Учурда 150 000 сом өлчөмүндөгү каражатты алуу алдында турат.

Ал каражатка кондитердик азыктарды даярдоо үчүн керектүү жабдууларды сатып алууну пландап жатат. Жаңы жабдуулар продукциянын сапатын жогорулатууга жана өндүрүш көлөмүн көбөйтүүгө шарт түзөт.

Асылбек алган билимдерин иш жүзүндө колдонуп, кондитердик багыттагы ишин өнүктүрүүгө жаңы кадам таштоодо.

https://www.instagram.com/reel/Ddqg2dONZUj/?stkn=dnZnY2xjeXJwcWxr

0
194