Айзат чакан ишкердигин кеңейтүү максатында Киреше булактарын колдоо программасына катышкан. Окутуунун жүрүшүндө ал өз ишиндеги айрым кемчиликтерди көрүп, мурдагы түшүнүктөрүн кайра карап чыкты. Буга чейин каражат жетишсиз болгондуктан бизнести кеңейтүү мүмкүн эмес деп ойлоп келген.
Окутууда жаңы тажрыйбалар менен
таанышып, ишкердигин өнүктүрүү үчүн жабдууларды алуу боюнча бизнес-план иштеп
чыкты.
Айзат үчүн эң пайдалуу болгон
практикалардын бири — кардарлар менен туура иш алып баруу жана продукциянын
өздүк наркын эсептөө болду. Бул көндүмдөр анын продукциясын сатууга оң
таасирин тийгизди.
Бүгүн Айзат өз ишин мындан ары кеңейтүүгө жана жаңы мүмкүнчүлүктөрдү колдонууга даяр
https://www.instagram.com/reel/DdRDLINN4wH/?stkn=MTJwN2E1a3hzeXFkNA%3D%3D