Окутуу учурунда Мээрим өзүнүн жаңы бизнес идеясын иштеп чыгып, бизнес-планын түзгөн. Ошондой эле үй шартында продукцияны таңгактоо, этикеткасын иштеп чыгуу жана өзүнүн рецепти боюнча даярдоо технологиялык процессин түзүү боюнча практикалык иштерди аткарган.
Бүгүн Мээрим жаңы багытта алгачкы кадамдарын жасап жатат. Анын максаты — Тогуз-Торонун табигый чөптөрүн жана мөмөлөрүн өзгөчө жергиликтүү брендге айландыруу.
https://www.instagram.com/reel/Ddjim_JtNgN/?stkn=MXFseHU1aHl5b252Yw==