Киреше булактарын колдоо программасына катышкандан кийин Айнара өз ишине башкача көз караш менен карап, буга чейин кетирип келген жана бизнестин өнүгүшүнө тоскоол болгон каталарын түшүнө алды.
Учурда үй-бүлө канаттууларды багуу
багытын кеңейтүүнү пландап жатат. Индюк багуу менен катар бройлер тоокторду
өстүрүүнү да баштоону чечишти.
Окутуунун жүрүшүндө Айнара чыгаша
менен кирешени алдын ала эсептөө, тобокелдиктерди баалоо жана тандалган багытты
пландуу өнүктүрүү маанилүү экенин түшүндү. Буга чейин үй-бүлө бир нече багытта
иш алып барып көргөнү менен, айрымдарын аягына чыгарбай токтотуп келишкен. Эми
алар мындай чечимдердин себептерин түшүнүп, бизнести өнүктүрүү үчүн так план
жана эсеп керек экенин билишти.
Бүгүн Айнаранын максаты так — баштаган сезондук ишин туруктуу жана кирешелүү чакан бизнеске айландыруу.